2025-жылдын 1–14-апрель күндөрү Орхун алмашуу программасынын алкагында Казакстан Республикасынын Х. Досмухамедов атындагы Атырау университетинин Дене тарбия жана спорт мугалимдери бөлүмүнүн ага окутуучулары Айман Калдыбаева жана Рафаэль Хабиров факультетибизге келип, биргелешкен иш-чараларга активдүү катышышты.
Бул алмашуу иш-чарасынын негизги максаты – билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу, методикалык ыкмаларды салыштыруу, окутуу процессин өркүндөтүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.
Конок окутуучулар бөлүмдүн милдеттүү сабактары боюнча лекция жана практикалык сабактарды өтүшүп, студенттер менен жигердүү иш алып барышты. Мындан сырткары, факультетибиздин профессордук-окутуучулар курамы менен биргеликте жыйын өткөрүлүп, эки тараптуу билим берүү багытындагы тажрыйбалар бөлүшүлдү.