2025-06-03

Скандинавиялык басуунун улгайган курактагы адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири (Бишкек шаары, Жал кичи районунун 60 жаштан жогорку тургундарына)” аттуу илимий долбоор ишке ашууда


Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Спорт илимдери факультетинде Ага окут., доктор Касмалиева Анаркан Сарыгуловнанын жетекчилигинде "Скандинавиялык басуунун улгайган курактагы адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири (Бишкек шаары, Жал кичи районунун 60 жаштан жогорку тургундарына” аттуу илимий долбоор ишке ашырылууда.

Долбоордун максаты — Улгайган курактагы адамдардын физикалык, психологиялык жана социалдык ден соолугуна скандинавиялык басуунун тийгизген таасирин изилдөө.

Изилдөө Бишкек шаарынын Жал кичирайонунда жашаган 60 жаштан жогорку тургундар арасында жүргүзүлүүдө. Жобо алкагында катышуучулардын физикалык абалы жана дене активдүүлүгү ар кандай методикалык ыкмалар менен бааланат.

Бул изилдөө саламаттыкты сактоо жана физикалык активдүүлүк жаатында маанилүү тажрыйба алмашуу жана улгайган адамдар арасында активдүү жашоо образын калыптандырууга багытталган сунуштардын иштелип чыгышына өбөлгө түзөт.

 

 

“Скандинавиялык басуунун улгайган курактагы адамдардын ден соолугуна тийгизген таасири” Илимий изилдөө долбоорунун алкагында скандинавиялык басуунун үйрөтүү  методикасы иштелип чыкты. Иштелип чыккан методикасы менен сабактар өтүлүп жатат. Сабакка улгайган 43 адам, андан тышкары «Спорт илимдер факултетинин» студенттери, Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын 20 инструктору катышууда. Сабактарда өздүк көзөмөлдөөнү (артериалдык кан басым, жүрөктүн жыйрылуу жыштыгы) үйрөнүүдө. Педагогика илимдеринин доктору Анаркан Касымалиева ойлоп тапкан «Кардио машыгуулары» өткөрүлүп жатат. Скандинавиялык басуу сабагы жумасына беш жолу саат 7:00-8:45 өтүлүүдө, өтүлүүчү жери Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин чоң стадиону.