Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Спорт илимдери факультети тарабынан «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» темасында семинар уюштурулат. Семинардын баяндамачысы – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик акылманы, профессор, доктор Канат Жанузаков.
Семинар 2025-жылдын 10-декабрында, саат 09:00дө, Илеф Анфи-202 залында өтөт. Иш-чарага университетибиздин бардык окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери чакырылат.