2025-12-26

Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVII эл аралык оор атлетика турнири Бишкекте өттү


25-декабрь күнү Бишкек шаарындагы “Газпром – балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде Олимп оюндарынын чемпиону Каныбек Осмоналиевдин байгесине арналган XXXVII эл аралык оор атлетика турнири өттү.

Эл аралык мелдеште 69 кг салмак категориясында Саида Мамбетказиева 1-орунду ээлесе, 63 кг салмак категориясында Анара Шакирова 2-орунга татыды.