2025-12-29

Проф. Фикрет Сойер Түркия Спорт Илимдери Дернегинин төрагалыгына кайра шайланды


Кыргызстан–Түркия Манас университетинин окутуучу-окумуштуусу, профессор доктор Фикрет Сойер Түркияда өткөн Түркия Спорт Илимдери Дернегинин шайлоосуна жалгыз талапкер катары катышып, дернектин төрагалыгына кайрадан шайланды. Спорт илимдери тармагындагы илимий ишмердүүлүгү жана жетекчилик тажрыйбасы менен таанылган профессор доктор Фикрет Сойер жаңы мөөнөттө да дернектин төрагасы катары өз ишин улантат.