2026-02-09

Студенттерибиз университетибизди таанытуу иши жүргүздү


Факультетибиздин Дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери 2026-жылдын 8-9 январь күндөрү аралыгында университетибизди таанытуу иштерине салым кошушту.

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылындагы Ишенаалы Арабаев атындагы орто мектепте Дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Адис Алмазбек уулу таанытуу иштери кылды.

Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Мерке районундагы Мухтар Ауезов атындагы орто мектепте жана Иван Трубицин атындагы орто мектепте болсо Дене тарбия жана спорт мугалими бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Садраддин Афлатунов таанытуу иштери кылды.

Университетибизди таанытуу иштерине кошкон салымдары үчүн студенттерибизге ыраазычылык билдирип, мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.