2026-02-09

Анкара университетинин спорт илимдери факультети менен биргелешкен семинар


Анкара университетинин ректораты менен университетибиздин ректоратынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын алкагында биздин факультет менен Анкара университетинин спорт илимдери факультетинин ортосунда биргелешкен семинар уюштурулду.

Натыйжалуулукту өлчөө жана баалоо боюнча уюштурулган семинар, 2025-жылдын 25-декабрында онлайн режиминде өткөрүлдү. Семинарга катышкан окутуучулар, спорт илимдери багытында өлчөөлөрдөн мисалдар келтирип, маалыматтарды талдоо боюнча пикир алмашышты.