Университеттин электрондук китепкана маалымат базаларын таанытуу боюнча семинарды 2026-жылдын 24-февралында университеттин китепкана жана документтештирүү бөлүмүнүн башчысы Максатбек ИНАКБЕКОВ тарабынан факультетибизде уюштурулду.
Факультетибиздин 16-конференция залында саат 16:00дө өткөн семинарга бардык академиялык кызматкерлерибиз катышты.
Семинарда университетибизге жеткиликтүү болгон электрондук маалымат базалары, "VETIS" маалымат базасына жана статистика системасына кирүү, электрондук каталог, Түркстан коллекциясы, Чөнтөк китепканасы тиркемеси, AKSIS - Академиялык жана илимий басылмалар маалымат системасы, EIFL Эл аралык китепкана консорциумунун долбоору, пайдалуу шилтемелер жана ресурстар жөнүндө маалымат берилди.
