2026-02-26

Сапаттык максаттарды коюу боюнча жолугушуулар өткөрүлдү


Университетибиздин сапатты жакшыртуу аракеттеринин алкагында, факультетибиздин сапаттык максаттарын аныктоо үчүн факультетибиздин агай-эжейлеринин катышуусунда жолугушуулар уюштурулду.

Факультетибиздин 16-конференция залында 2025-жылдын 15-декабрында жана 2026-жылдын 20-февралында өткөн жолугушууларда факультетибизде толук ставкада иштеген агай-эжейлердин өз көз караштарын жана сунуштарын камтыган бөлүмдүн максаттарын коюу формалары каралды, презентациялар көрсөтүлдү.