Факультетибиздин студенттери Бишкек шаарында өткөн Скандинавиялык басуу күнүнө арналган спорттук иш-чарага катышышты.
Иш-чара Эл аралык “Марафон” жарандык коом уюмдарынын дирекциясы тарабынан уюштурулуп, 2026-жылдын 28-февралында саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварында өткөрүлдү.
Окутуучу Дайыр Жамангуловдун жетекчилиги алдында факультетибиздин студенттери иш-чарага активдүү катышып, скандинавиялык басуунун негизги ыкмалары боюнча маалымат алышты. Ошондой эле аларга бул спорттун техникасына ылайык дене кыймылдары жана туура басуу ыкмалары практикалык түрдө көрсөтүлдү.



