2026-03-12

Машыктыруу сабактарын уюштуруу боюнча семинар өттү


Факультетибизде «Окутуу–машыктыруу сабактарын уюштуруунун формалары» аттуу семинар өткөрүлдү.

Семинар окутуучу Дайыр Жамангулов тарабынан 2026-жылдын 10-мартында саат 15:30да факультетибиздин 16-конференция залында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө окутуу-машыктыруу сабактарын уюштуруунун формалары, сабактын айрым бөлүктөрүнүн мазмуну жана түзүлүшү, ошондой эле сабак өткөрүлүүчү жайлардын жабдылышы тууралуу презентация жасалып, катышуучуларга кеңири маалымат берилди.