2026-03-18

Жалпы тазалоо күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү


Факультетибизде 2026-жылдын 18-мартында саат 11:00дө “Баары тазалык үчүн” урааны алдында жалпы тазалоо күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарага факультеттин 1- жана 2-курсунун студенттери жана окутуучулар катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө айлана-чөйрөнүн булганышына көңүл буруу, калдыктарды башкарууну жакшыртуу жана коомчулуктун экологиялык аң-сезимин жогорулатуу максатында маалымат берилди. Жаратылыштагы таштандыларды тазалоо физикалык ден соолукка оң таасир берип, келечек муундар үчүн таза айлана-чөйрөнү сактоого өбөлгө түзөрү белгиленди.

Мындай иш-чараларды кеңири катышуу менен улантуу зарылдыгы баса белгиленди.