Университетибиз тарабынан 2026-жылдын 27-мартында майып балдардын пайдасы үчүн кайрымдуулук жармаңкеси чоң катышуу менен уюштурулду.
Иш-чара университеттин кампусундагы Карыбек Молдобаев көчөсүндө өтүп, факультетибиздин окутуучулары тарабынан даярдалган ар түрдүү тамак-аштар сунушталды.
Жармаңке түрк жана кыргыз маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылып, ага Түркия Республикасынын Бишкектеги толук ыйгарым укуктуу элчиси, университетибиздин проректорлору, декандары жана көп сандаган студенттер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга түрк жана кыргыз ашканасынан ондогон тамактар сунушталды.



