2026-04-01

Универсиада волейбол оюндарында 2-орун


Факультетибиздин студенттери ага окутуучу Чыңгыз Шааевдин жетекчилиги астында 2026-жылдын 18-март күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жабык спорт залында өткөн Универсиада 2026 волейбол (кыздар) оюндарында экинчи орунду ээлешти.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышкан мелдеш чоң кызыгууну жаратты. Мелдештин соңунда жалпы сүрөткө түшүү уюштурулду.