2026-04-01

Универсиада оор атлетика оюндарында 1-орун


Факультетибиздин студенттери ага окутуучу Үсенкан Майназаровдун жетекчилиги астында 2026-жылдын 29-30-март күндөрү өткөн Универсиада 2026 оор атлетика оюндарында 1-орунду ээледи.

Мелдеш Олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин (СДЮСШОР) жабык спорт залында өткөрүлдү. Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышкан мелдештер чоң кызыгууну жаратты.

Мелдештердин аягында катышуучулар чогуу сүрөткө түшүштү.