2026-04-21

Германн Гмайнерде «Ден соолук күнү» иш-чарасы


Германн Гмайнер SOS атындагы окуу-тарбия комплекси мекемесинде 2026-жылдын 7-апрелинде факультетибиздин студенттеринин катышуусу менен «Ден соолук күнү» иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында 3–10-класстардын окуучулары арасында кросс чуркоо, үстөл тенниси, волейбол, футбол, аркан тартыш жана чүкө оюндары боюнча мелдештер уюштурулду. Мелдештер кызыктуу, жакшы маанайда жана жогорку деңгээлде өттү.

Иш-чаранын негизги максаты – окуучуларды дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга үндөө жана сергек жашоо образын калыптандыруу.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында университетибиздин атынан баскетбол жана волейбол командаларына белектер тапшырылды.