2026-04-21

Универсиада 2026 оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 1-орун


Университетибиздин атынан мелдештерге катышкан факультетибиздин грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын студенттери, ага окутуучу Дайыр Камангуловдун жетекчилиги астында 2026-жылдын 13–15-апрелинде өткөн Универсиада 2026 оюндарында 1-орунду ээлешти.

Мелдештер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Жаштардын олимпиадалык спорт түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чаралар дирекциясынын жабык спорт залында өткөрүлдү.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышкан мелдеш чоң кызыгууну жаратты. Иш-чаранын аягында катышуучулар менен биргеликте сүрөткө түшүү уюштурулду.