2026-04-21

Универсиада оюндарында жеңил атлетикада 28 медаль


Факультетибиздин студенттери, ага окутуучу Шамшарбек Алимжановдун жетекчилиги астында 2026-жылдын 20-апрелинде өткөн Универсиада 2026 жеңил атлетика оюндарында чоң ийгиликке жетишти.
Студенттерибиз 17 алтын, 10 күмүш жана 1 коло медаль утуп, жалпысынан 28 медалга ээ болушту.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттери катышкан мелдештер чоң кызыгууну жаратты. Мелдештин соңунда жалпы сүрөткө түшүү уюштурулду.