2026-04-21

Ден соолукту чыңдоо, спорт жана күрөш борборунун айланасы жашылдандырылды


Факультетибизге караштуу Ден соолукту чыңдоо, спорт жана күрөш борборунун айланасында жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү.
2026-жылдын 21-апрелинде өткөн иш-чарага Башкы катчыбыз доц. м.а. д-р Фатих Рамазан Истанбуллугил, окутуучулар жана студенттер катышты.

Иш-чаранын алкагында кампус аймагында бак-дарак отургузуу, чөп өстүрүү, жашылдандыруу жана ландшафттык иштер жүргүзүлдү. Бул аракеттер абанын сапатын жакшыртууга, жашоо чөйрөсүн көрктөндүрүүгө жана экологиялык тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган.