2026-04-21

Орхун алмашуу программасы менен Хожа Ахмет Йесеви университетине сапар


Орхун алмашуу программасынын алкагында факультетибиздин деканынын милдетин аткаруучу, б.и.д., профессор Жипаркүл Абдырахманова 2026-жылдын 20–24-апрель күндөрү Казакстандагы Хожа Ахмет Йесеви атындагы Эл аралык Казак-Түрк университетинде болууда.

Университеттер аралык кызматташтыкты чыңдоо жана академиялык тажрыйба алмашууну кеңейтүү максатында ишке ашырылып жаткан Орхун алмашуу программасы аркылуу Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Венгриянын мамлекеттик университеттеринин ортосунда окутуучуларды убактылуу өз ара алмашуу камсыздалат.

Түрк мамлекеттеринин уюмунун Түрк университеттеринин биримдиги тарабынан иштелип чыккан Орхун процесси алкагындагы бул программа студенттер жана окутуучулар алмашуусу аркылуу түрк дүйнөсүндөгү жогорку окуу жайларынын ортосунда академиялык кызматташтыкты бекемдеген маанилүү академиялык көпүрө болуп саналат.