2026-04-22

«Үмүт» карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйүнө баруу


Факультетибиздин ага окутуучусу Арина Казакбаева жетекчилигинде дене тарбия жана спорт мугалимдиги бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери «Үмүт» карылар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинде көмөк көрсөтүү максатында иш-чара уюштурушту.

2026-жылдын 21-апрелинде өткөн иш-чаранын алкагында мекемедеги улгайган жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга психологиялык жардам көрсөтүлүп, ар тараптуу колдоо берилди. Студенттер социалдык жоопкерчилик сезимин көрсөтүштү.