2026-04-22

Дарылоочу дене тарбиясы боюнча семинар өткөрүлдү


Факультетибиздин дене тарбия жана спорт мугалимдиги бөлүмүнүн ага окутуучусу Арина Казакбаева “Омуртка ооруларын алдын алуу жана дарылоодо дене тарбиясы” темасында семинар өткөрдү.

Семинар 2026-жылдын 14-апрелинде саат 16:00дө факультетибиздин 16-конференция залында болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө дарылоочу дене тарбиясы — бул дарылоо жана алдын алуу максатында физикалык көнүгүүлөрдү колдонууга негизделген ыкма экени белгиленди.

Дарылоочу дене тарбиясы заманбап медицина жана реабилитациянын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Физикалык көнүгүүлөрдүн түрлөрүн туура тандоо жана айкалыштыруу бейтаптарды дарылоодо жогорку натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет.