Факультетибиздин студенттери Түркия Республикасынын Yozgat Bozok Üniversitesi университетинде өткөн 17-Спорт илими боюнча студенттик конгрессинде баяндама жасашты.
Spor Bilimleri Derneği жана Yozgat Bozok Üniversitesi тарабынан 2026-жылдын 12-14-май күндөрү Йозгат шаарында уюштурулган студенттик конгресске көптөгөн университеттерден студенттер катышты.
Конгресс спорт илими багытында билим алып жаткан студенттер өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн сунуштай ала турган академиялык платформа түзүүгө багытталганы белгиленди.
Конгресс студенттердин изилдөө жүргүзүү, илимий ой жүгүртүү жана академиялык презентация көндүмдөрүн өнүктүрүүсүнө колдоо көрсөтүү менен бирге, ар түрдүү университеттердин студенттери жана окутуучуларынын ортосунда билим жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүнү максат кылат.
Конгресстеги баяндамалардын оффлайн форматта өткөрүлүшү ар кайсы шаарлардан жана өлкөлөрдөн келген студенттердин катышуусун жеңилдетип, кеңири академиялык өз ара аракеттенүү чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө түздү.
.jpeg)
.jpeg)

