Университетибиздин атынан факультетибиздин студенттери катышкан Кыргызстан 2026 Универсиада оюндарынын жыйынтыктары боюнча жыйын өттү.
2026-жылдын 15-май күнү саат 10.00дө факультетибиздин 16-конференция залында өткөн жыйынга факультетибиздин декандын милдетин аткаруучу проф. докт. Джипаркул Абдирахманова жана декандын орун басары Алмас Абдиракманов, ага окутуучу Айдар Акматов менен 2026 Универсиада оюндарында кызмат өтөгөн факультетибиздин машыктыруучулары катышты.
Декандын милдетин аткаруучу жана декандын орун басары жыйындагы сөздөрүндө 2026-жылкы Универсиада оюндарында кызмат өтөгөн бардык машыктыруучуларга баалуу салымдары үчүн ыраазычылык билдиришти.
Университетибиздин атынан 2026-жылкы Универсиада оюндарына катышкан факультетибиздин студенттери күрөш, оор атлетика жана тогуз коргоол сыяктуу көптөгөн спорт түрлөрү боюнча медалдарды жеңип алган.
Кыргызстан боюнча жогорку окуу жайларында окуган университет студенттерин бириктирген улуттук деңгээлдеги салттуу спорттук оюндардын жана чемпионаттардын иш-чарасы болгон Кыргызстан Универсиада оюндары жыл сайын өткөрүлүп турат.