2026-06-22

«Palan Extreme 2026» мелдешине студенттерибиздин катышуусу камсыздалды


Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги, Эрзурум губернаторлугу жана Эрзурум Adventure Offroad жаратылыш спорт клубу тарабынан иштелип чыккан социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында жана Ататүрк университети, Эрзурум шаардык муниципалитети, Чат, Текман, Хыныс, Карачобан жана Караязы райондук губернаторлуктары жана муниципалитеттери менен биргеликте 5 студентибиз окутуучу Айдар АКМАТОВдун жетекчилиги астында «Palan Extreme 2026» мелдешине катышуусу камсыздалды.

2026-жылдын 21-26-июнь күндөрү аралыгында өтө турган «Palan Extreme 2026» мелдеши жаштарга толкундануу жана көңүл ачуу айкалышкан чөйрөдө өз жөндөмдөрүн жана чыдамкайлыгын ачууга, ошол эле учурда жаратылышта командалык рухту өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ал негизинен жаратылыш спортун жайылтууга, жаш спортчуларды Эрзурумдун уникалдуу жаратылышы менен бириктирүүгө жана Эрзурумду республикалык жана эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган.