Түркия Республикасынын Ички иштер министрлиги, Эрзурум губернаторлугу жана Эрзурум «Adventure Offroad» жаратылыш спорт клубу тарабынан иштелип чыккан социалдык жоопкерчилик долбоорунун алкагында жана Ататүрк университети, Эрзурум шаардык муниципалитети, Чат, Текман, Хыныс, Карачобан жана Караязы райондук губернаторлуктары жана муниципалитеттери менен биргеликте uyuşturulup catkan «Palan Extreme 2026» мелдешинde 3-орунду ээледик.
Факультетибиздин ага окутуучусу Айдар АКМАТОВдун жетекчилиги астында 5 студентибиз катышкан мелдеш 2026-жылдын 21-26-июнунда Эрзурумда өттү. Бурса Улудаг университети биринчи, Эрзурум техникалык университети экинчи, ал эми университетибиз болсо үчүнчү орунду ээледи.
Мелдешке Өзбекстан, Ирак, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Түркмөнстан жана Кыргызстан командалары катышты.
«Palan Extreme» мелдеши жаштарга толкундануу жана көңүл ачуу айкалышкан чөйрөдө өз жөндөмдөрүн жана чыдамкайлыгын ачууга, ошол эле учурда жаратылышта командалык рухту өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет. Ал негизинен жаратылыш спортун жайылтууга, жаш спортчуларды Эрзурумдун уникалдуу жаратылышы менен бириктирүүгө жана Эрзурумду республикалык жана эл аралык деңгээлде жайылтууга багытталган.
.jpeg)