2026-10-12

Конок окутуучулардын семинарлары


Түрк элдеринин салттуу спорт оюндары боюнча ХIV эл аралык симпозиумданн улам университетибизге Түркия Республикасынан келген окутуучулар тарабынан факультетибиз үчүн семинарлар уюштурулду.

Түркия Республикасынын Гази университетинин Спорт илимдери факультетинин Спорт менеджменти бөлүмүнөн келген проф. докт. Мустафа Яшар Шахин “Эл аралык спорт менеджментти” темасында; ал эми Бингөл университетинин Спорт илимдери факультетинен келген доц. докт. Али Жан Байрам “Санариптик көчмөнчүлүк жана металл таануу: Метаверстеги жаңы талаа” темасында семинар өткөрүштү.

Университетибиздин Касым Тыныстанов атындагы конференция залында 2026-жылдын 30-сентябрында саат 10.00дө жана 14.00дө өткөн семинарларга факультетибиздин студенттери жана окутуучулары катышты.

Семинарлардын аягында топтук сүрөткө түшүлдү.