“Bishkek Run Club (BRC)” чуркоо клубу жана “ANTA Sports” бренди тарабынан 2026-жылдын 17- октябрь күнү уюштурулган күзгү командалык эстафеталык чуркоого катышкан факультетибиздин студенттеринен машыктыруучуларды даярдоо бөлүмүнүн 4-курсунун студенти Мади̇на Асламова 3-орунду алды.
Бул иш-чара жаңыланган Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы спорттук аренанын ачылышына туш келип, чуркоо сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирди. Мелдешке ар кандай клубдардан куралган күчтүү командалар катышты. Бул күзгү эстафета спорттун, өзгөчө чуркоонун коомчулукту бириктирүүчү чоң күч экенин дагы бир жолу далилдеп, командалык дух жана унутулгус спорттук атмосфера тартуулады.
