2026-10-21

QS рейтингтери үчүн маалыматтарды чогултуу боюнча семинар өткөрүлдү


QS маалыматтарын чогултуу максатында Факультетибиздин туруктуу (толук ставкадагы) окутуучулар курамы үчүн проф., докт. Рита Исмаилова тарабынан семинар уюштурулду.

1-лабораторияда 2026-жылдын 16-октябрында саат 15:30да өткөрүлгөн семинарга факультетибиздин бардык академиялык кызматкерлери катышты.

Университетибиз 2026-жылдагы QS маалыматтарына ылайык, эң мыкты 1000 университеттин катарындагы ордун сактап калды. Багыттар боюнча рейтингде; искусство жана гуманитардык илимдер негизги багытында 391-орунда, заманбап тилдер дисциплинасында 301-350 рейтинг тилкесинде, ал эми бизнес жана башкаруу (business & management studies) багытында 301-орунда орун алды.