Кыргызстандын волейбол федерациясы тарабынан уюштурулган волейбол боюнча клубдар аралык XVIII чемпионатынын финалдык (үчүнчү) туру 2026-жылдын 9-11-октябрь күндөрү Ош шаарындагы «Газпром» спорттук комплексинде өттү. Мелдешке факультетибизден Гүлүмкан Жумалиеванын машыктыруучулугунун алдында катышкан Анара Шакирова, Айдана Өмүркулова жана Нурай Акматалиева экинчи орунду багындырышты.
Волейбол боюнча клубдар аралык Кыргызстандын чемпионаты — өлкөдөгү волейбол клубдарынын деңгээлин жогорулатуу жана бул спорт түрүн жайылтуу максатында Кыргызстандын волейбол федерациясы тарабынан жыл сайын өткөрүлүп туруучу эң абройлуу улуттук мелдеш болуп саналат.
.jpeg)