Университетибизде TSE EN ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу тутумунун алкагында ушул жылдын ноябрь айында өткөрүлө турган 2026-жылдын ички аудит процесстерине карата даярдык көрүү жыйыны ийгиликтүү аяктады. 2026-жылдын 2-ноябрында саат 16.30да факультетибиздин 1-лабораториясында уюштурулган бул жыйынга факультеттин бардык академиялык (окутуучулук) жана административдик кызматкерлери толук курамы менен катышты.
Жыйындын алкагында жалпы маалымат берүү: сапат стандарттары тууралуу ички аудит процессинин маанилүүлүгү жана аткарыла турган иштердин жол картасы кызматкерлерге жеткирилди; ар бир пунктту талкуулоо: алдыдагы текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өтүү максатында, ички аудит программасы бүткүл майда-чүйдөсүнө чейин каралып, ар бир пункту өз-өзүнчө талкууланды; суроо-жооп жана пландаштыруу: академиялык жана административдик түзүмдөрдүн бул процесстеги милдеттери такталып, даярдык иштери өз ара координацияланган түрдө пландаштырылды.
Факультетибиз сапатты башкаруу стандарттарын эң жогорку деңгээлде колдонуу жана туруктуу ийгиликти камсыз кылуу максатында ички аудитке даярдыктарын кылдаттык менен улантууда.
.jpeg)