2026-11-12

Университетибиздин Спорт клубунун төрагасы студентибизге “Жылдын эң мыкты жетекчиси” сыйлыгы ыйгарылды


2025-2026-окуу жылыnda ишке ашырган ийгиликтүү иштери, жан аябаган аракеттери жана спортко кошкон салымдары үчүн Манас спорт клубуна КТМУнун Студенттик кеңеши тарабынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Клубдун бул мезгилдеги динамикалуулугун жана ийгилигин таажылаган дагы бир сыймыктуу сыйлык лидерлик орундан келди. Клубдун ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө көрсөткөн өзгөчө лидерлиги, жоопкерчилиги, эмгеги жана көрөгөчтүк иштери менен студентибиз Садраддин Афлатунов, КТМУнун Студенттик кеңеши тарабынан “Жылдын эң мыкты жетекчиси” наамына татыктуу көрүлдү.

Бул чоң ийгиликке салым кошкон, эмгек кылган жана студенттик клубубузду ар бир тармакта сыймыктануу менен көрсөтө алган студенттерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Факультетибиздин студенттери тарабынан координацияланган Манас спорт клубунун ийгиликтеринин уланышын каалайбыз.