2022-08-01

“INTERSTAN CUP” – 2022 көчө футбол турнири


2022 ж. 26-27 июлда “Барчын” Балдардын ден соолук жана спорт комплексинде (Сары-Ой, Иссык-Көл р-ну.) балдар үйлөрүнүн көчө футбол командаларынын 12-13 жаштагы кыздар-балдардын 5 командасы катышты.

“INTERSTAN CUP” турнири балдарды активдүү спорттук жашоого футбол аркылуу тартуу  жана коомго аралаштыруу, спортко жөндөмдүү, таланты бар балдар жана кыздарды аныктоо максатында ОсОО “Интерстан Секьюритис” жана Кыргызстандан Аялдар Футбол Лигасынын жана “Абдыш-Ата” компаниянын колдосунда өткөрүлдү.

Турнирди уюштуруу комитетинин мүчөсү Кыргыз Турк “Манас” Университетинин Спорт билимдери факультетинин ага окутучусу, доктор Анаркан Касмалиева жана Уматалиева Гульбара Баштаган калыстар тобу менен уюштурулган.

Турнирдин программасындагы мини-футбол боюнча мелдешке 42 бала катышып кубок, диплом, байгелерге ээ болушту.       

Турнирдин жыйынтыктары:

I орун – “Каракол” командасы (Иссык-Көл обл.)

II орун -  “SOS» Балдар үйү” (Иссык-Көл р-ну)

  1. II орун - У.Асанов атындагы Нарын обл. лицей-интернаты”  (г. Нарын)
  2. орун - “Токмок” командасы  (Чуй обл.)

“Анадолу” командасы-“Fair Play” кубогу, диплом