2025-11-18
12-13 - ноябрь, 2025-жылы Түркменистан Айыл чарба институту тарабынан студенттер арасында уюштурулган “Агроинновациялар-туруктуу өнүгүүгө жол” аттуу II-Эл аралык илимий-проекттик онлайн конкурс болуп өттү. Конкурска Россия, Молдова, Пакистан, Белоруссия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркменистан, Грузия жана Кыргызстандан 75 студент (аспиранттар, магистарннтар жана студенттер) катышты. Иш-чаранын алкагында катышуучулар өз долбоорлорун үч секция боюнча (Айыл чарбалык, бизнес жана IT долбоор) сунушташты.
Конкурстун жыйынтыгында студентибиз Кубанычова Гулира 2-орунга (Айыл чарбалык долбоор) татыктуу болду, бул анын жогорку даярдыгын жана изилдөө иштеринин өзгөчөлүгүн көрсөттү.


