2026-02-20


Магистранттар мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырып, диссертацияларын коргошту


18-февралда биздин кафедрада магистранттардын мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациясы өткөрүлдү.

Аттестациянын алкагында магистранттар мамлекеттик экзаменди ийгиликтүү тапшырып, магистрдик диссертацияларын коргошту. Быйыл кафедраны эки магистрант - Муратаалыева Раушан жана Аманбаева Асель - ийгиликтүү аякташты.

Магистрдик изилдөөлөрдүн илимий жетекчиси - доц. м.а. Эсенали уулу Таир болду.

Коргоо учурунда магистранттар жогорку деңгээлдеги теориялык даярдыгын, заманбап илимий изилдөө ыкмаларын өздөштүргөнүн жана алынган жыйынтыктарды талдоо жөндөмүн көрсөтүштү. Мамлекеттик экзаменациялык комиссия сунушталган иштердин актуалдуулугун жана практикалык маанисин белгиледи.

Бүтүрүүчүлөрүбүздү окууну ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз жана мындан аркы илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалайбыз.