2026-06-03


Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүндө мамлекеттик экзамендер жана магистрдик диссертацияларды коргоо өткөрүлдү


2026-жылдын 2-июнунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Айыл чарба факультетинин Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүндө магистратуранын студенттеринин мамлекеттик экзамендери жана магистрдик диссертацияларын коргоо иш-чарасы ийгиликтүү өткөрүлдү.

Бул күнү магистранттар Гулира Кубанычова жана Нурпери Акылбекова доц. м.а., б.и.к. Сайкал Бобушованын жетекчилиги астында, ал эми Мырзагүл Ашимбаева жана Элвина Темирканова доц. м.а. Таир Эсенали уулунун жетекчилиги астында аткарган илимий иштерин ийгиликтүү жакташты.

Коргоо учурунда магистранттар өздөрүнүн теориялык даярдыгынын жогорку деңгээлин, илимий изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн жана алынган жыйынтыктарды талдоо менен негиздүү корутундуларды чыгаруу жөндөмүн көрсөтүштү. Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары Мамлекеттик аттестациялык комиссия тарабынан оң бааланып, магистранттардын эмгектери актуалдуу жана практикалык мааниге ээ экендиги белгиленди.

Өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасы бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, аларга илимий жана кесиптик ишмердүүлүгүндө зор ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана үзүрлүү эмгекти каалайт.