2023-05-03


Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин Айыл-чарба факультетинде “Биологиялык маалыматтарды анализдөөдө жаңы ыкмалар” аттуу семинар болуп өттү


2023-жылдын 5-апрелинде докт., доценттин м.а. Хоссейн Зеиналзаде Табризи факультеттин окутуучу курамына жана студенттерге биологиялык маалыматтарды анализдөөдө жаңы ыкмалар боюнча семинар өттү. Бул семинарда катышуучулар маалыматтарды талдоодон мурун дисперсияны талдоо божомолдору, маалыматтарды трансформациялоо, жаңы ыкмалар менен нормалдуу бөлүштүрүүнү көрсөтпөгөн маалыматтарды талдоо, балансталбаган маалыматтарда жаңы анализдер, акыркы жылдарда жаңы статистикалык программаларды киргизүү, пост-хок анализдер, жетишпеген маалыматтар жана башка жаңы ыкмалар жөнүндө маалымат алышты.