2023-06-12


Айыл-чарба факультетинде бала бакчадан келген балдарга айыл чарбасын үйрөтүү иш-чаралары өткөрүлдү


2023-жылдын 7-июнунда бала бакчадан келген кичинекей балдар айыл чарба факультетинин күнөсканасына барышты. Күнөсканада Айыл-чарба факультетинин деканы Проф. Докт. Атилла ДУРСУН жана Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмүнүн башчысы доц.м.а. Хоссейин ЗЕИНАЛЗАДЕ-ТАБРИЗИ балдарга өсүмдүктөр тууралуу айтып беришип, балдардын аң-сезимине айыл чарбаны сүйдүрүүгө жана тамак-аштын дасторконго кантип келерин билүүсүнө багытталган маалыматтарды беришти.