2023-04-24

Козу карын – келечектин эти


Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Айыл чарба Факультетинин мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөр бөлүмүнүн 3-курс студенттери 2023-жылдын 19-апрель күнү “БТБ-310 Культуралык козу карын өстүрүү” сабагынын алкагында Бишкек шаарынын Аламүдүн айыл өкмөтүнө жакын жайгашкан жеке ишкер Жусумбеков Эрмек мырзанын козу карын өстүрүүчү жерине барып маалымат алып келишти. Ал жерде студенттер жалпысынан 13 000 блокто вешенка түрүндөгү козу карындардын өсүп жатканына кубө болуу менен бирге, аларды өстүрүү технологиясын практикалык негизде үйрөнө алышты.