2024-01-30

КТМУнун айыл чарба факультетинин жамааты, К.К. Айыл чарба министрлиги өсүмдүктөрдүн ген банкынын жетекчилери менен жолугушту


2024-жылдын 26-январында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин айыл чарба факультетинин деканы проф. Dr. Ахмет АЙГҮН, профессордук-окутуучулар курамы менен бирге Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба министрлигине караштуу өсүмдүктөрдүн ген банкында болушту. Кызматташтык жана таанышуу максатында ишке ашырылган бул сапарда делегация ген банк жөнүндө маанилүү маалыматтарга жана айыл чарба тармагындагы ар түрдүүлүктү арттыруу боюнча аткарылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Сапардын жүрүшүндө айыл чарба тармагында Өсүмдүктөрдүн ген банкынын генетикалык ар түрдүүлүктү сактоодогу мааниси баса белгиленди. Ошону менен бирге КТМУнун айыл-чарба факультетинин бул жааттагы потенциалдуу кызматташууга жана долбоорлорго кызыгуусу да айтылды. Эки мекеменин ортосундагы бул өз ара аракеттенүү келечекте айыл чарба тармагынын туруктуу өнүгүүсү үчүн жасала турган кадамдар жагынан маанилүү кадам катары кабыл алынды.