2024-02-26

“Регрессиялык анализдин божомолдору жана анын статистикалык маалыматтарды талдоодогу мааниси” семинары


2024-жылдын 21-февралында, Айыл-чарба факультетинин 2023-2024 окуу жылы жазгы семестриндеги иш-чараларынын алкагында, Доц. м.а. Хоссеин Зейнелзаде Табризи тарабынан “Регрессиялык анализдин божомолдору жана анын статистикалык маалыматтарды талдоодогу мааниси” аттуу семинар өткөрүлдү.  Саат 15.30дан 17.00гө чейин өткөрүлгөн бул семинарда студенттерге жана окутуучуларга регрессиялык анализдин мааниси, аны колдонуу аймактары жана регрессия менен ANOVA анализинин айырмачылыгы сыяктуу темалар тууралуу маалымат берилди. Мындан тышкары, жөнөкөй жана көп регрессиялык анализдердин божомолдору жана бул божомолдордун маанилүүлүгү баса белгиленди