2024-03-06

Факультетибиздин окутуучулары “Агропродукт Азияга” барып келишти


Факультетибиздин деканы Проф., докт. Ахмет Айгүн жана окутуучулары Проф., докт. Исмайыл Эрпер, Доц.м.а., докт. Таир Эсенали уулу Чүй областындагы Сокулук районундагы  “Агропродукт Азия”  компаниясынын 100 гектардык алма бакчасына барып келишти. Бул жолугушууда алма бакчасындагы иш тууралуу жакындан таанышып, түшүм жыйноодон кийин сорттоо, таӊгактоо жана муздак кампаларда сактоо тууралуу иштери анализденди. Мындан тышкары алма бактын түшүмдүүлүгүн жогорулатуунун заманбап айыл чарба ыкмалары тууралуу пикир алмашуу болду. 
Бул маанилүү сапардан кийин биздин факультеттин студенттеринин бул компанияда стажировкадан өтүү жана курстук практикада биргелешип иштөө мүмкүнчүлүктөрү каралды.