2024-05-20

I. Айыл чарба студенттик конгресси болуп өттү.


КТМУнун айыл чарба факультетинин акыркы курстарынын студенттери тарабынан уюштурулган “1-Айыл чарба студенттеринин конгресси” ректор проф. Dr. Алпаслан ЖЕЙЛАН, Туризм факультетинин деканы, проф. Dr. Ясин БОЙЛУ, Ветеринария факультетинин деканы, проф. Dr. Исмаил ШЕН, Айыл чарба факультетинин деканы, проф. Dr. Ахмет АЙГҮН, Конгрессти колдогон Догал Кыргызстан командасынын, профессордук-окутуучулук курамынын жана көптөгөн студенттердин катышуусунда өттү.

Конгресс студенттердин чоң көңүлүн буруп, айыл чарба факультетин бүтүрүп жаткан айыл чарба инженерине талапкерлерге окуу учурунда алган билимдерин, жөндөмдөрүн жана тажрыйбаларын бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түздү. ZİRF-204 залында өткөн конгрессте айыл чарба факультетинин бүтүрүүчүлөрүнүн дипломдук иштерин чогултуу менен даярдалган 7 сессия өткөрүлүп, жалпысынан 34 оозеки баяндама жасалды.

Конгрессти салтка айландыруу үчүн келерки жылы да өткөрүү каралууда. Бул конгресс келечектеги айыл чарба тармагындагы лидерлерди жана адистерди чогултуп, билим жана тажрыйба алмашууга үндөйт жана тармактагы өнүгүүлөргө жарык чачат деп ишенебиз.