2024-05-20

Андижан айыл чарба жана айыл чарба технологиялары институтуна болгон иш сапары


2024-жылдын 8-майында Айыл чарба факультетинин деканы Проф. Докт. Ахмет АЙГҮН, Тышкы байланыштар бөлүмүнүн директору Dr. Кадри АГГҮН менен бирге айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты камсыз кылуу, аткарылган иштерге көз салуу жана институттун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алуу максатында Андижан айыл чарба жана айыл чарба технологиялары институтуна барышты.

Андижаян айыл чарба жана айыл чарба технологиялары институту айыл жана суу чарбасы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоо жана айыл чарба илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн түзүлгөн абройлуу жогорку окуу жайы болуп саналат. Институт өсүмдүктөрдү өстүрүү, кыртыштын асылдуулугу, суу ресурстарын башкаруу жана айыл чарба машиналарын куруу боюнча мааниүүу изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Иш сапар Андижан айыл чарба жана агротехнологиялар институтунун проректору Проф. Докт. Санжарбек ИСКАНДЕРОВ менен жолугушуудан башталды. Жолугушууда эки окуу жайдын ортосундагы кызматташуунун потенциалдуу багыттары каралып, факультеттин профессордук-окутуучулар курамы менен студент алмашуу программалары боюнча пикир алмашылды. Андан соң институттагы лабораториялар жана жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөр тууралуу кеңири маалымат алынды. Өндүрүш жана сыноо аймактарында болуу менен биз институттун талаа изилдөөлөрү менен таанышууга мүмкүнчүлүк алдык.

Андижан айыл чарба жана айыл чарба технологиялары институтуна болгон иш сапары институттар аралык кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу жана айыл чарба илимий-изилдөө-өнүктүрүү ишмердүүлүгүн жакындан карап чыгуу үчүн баалуу мүмкүнчүлүк болду. Келечекте эки институттун биргелешкен долбоорлору жана программалары ийгиликтүү болот деп ишенебиз.