2024-05-20

Факультетибизде "Карьера күнү" ийгиликтүү өттү


2024-жылдын 15-майында биздин факультетте Карьера күнү иш-чарасы болуп өттү. Бул иш-чара биздин студенттерди жана Кыргызстандын айыл чарба тармагындагы алдыңкы компаниялардын өкүлдөрүн чогултуп, кесиптик өз ара аракеттенүү үчүн уникалдуу аянтчаны түздү.

«Карьера күнү» бардык катышуучулар үчүн пайдалуу болду. Студенттер компаниянын өкүлдөрү менен жеке жолугуп, айыл чарба тармагындагы жана ага тиешелүү тармактардагы карьера мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Компаниялар өз ишмердүүлүгүн көрсөтүп, учурдагы долбоорлорун потенциалдуу кызматкерлер менен байланыштыра алышты.

Иш-чарага факультетибиздин деканы проф. Dr. Ахмет АЙГҮНдүн Карьера күнү иш-чарасына катышуучу мекемелер үчүн факультетибиз тууралуу маалымат берүүчү жолугушуу менен башталып, компания өкүлдөрү жана студенттер кенен чөйрөдө маектерин улантып, потенциалдуу карьера мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, байланыш маалыматтарын алмашуу менен уланды. Андан соң эстелик сүрөткө түшүү жана түшкү тамак менен аяктады.