14-15-октябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кыргыз-орус билим форуму болуп өттү. Бул иш-чара Россия менен Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин жана экономиканын реалдуу секторунун өкүлдөрүн чогултуп, актуалдуу маселелерди талкуулап, тажрыйба алмашуу болду.
Форумда жогорку билим берүү менен экономиканын өз ара аракеттенүүсүнүн негизги багыттары талкууланды. Катышуучулар окуу процессине жаңы технологияларды киргизүүнүн алдыңкы тажрыйбалары, ошондой эле жаштар, анын ичинде мектеп окуучулары жана студенттер менен иштөө ыкмалары менен бөлүшүштү. Жаштардын жана студенттердин ишкердигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду, айрыкча илим жана IT-технологиялар чөйрөсүндө. Ошондой эле билим берүү тармагындагы орус-кыргыз кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор сунушталды. Форумда факультетибиздин Өсүмдүтөрдү коргоо бөлүмүнүн мугалими Доц.,др. Конурбаева Махабат «Пестициддер менен булганган кыртыштарда био жана фиторемедиация ыкмаларын колдонуу» деген темадагы доклады жасаган.
Форум жаңы байланыштарды түзүү жана идеяларды алмашуу үчүн эң сонун аянт болду.