2024-12-09

“Органикалык айыл чарбадагы компаньон өсүмдүктөрү” - аттуу темада семинар болуп өттү


2024-жылдын 29-ноябрда эл-аралык япониялык агенттин кызматташуусу JICA колдоосу менен “Органикалык айыл чарбадагы компаньон өсүмдүктөрү” - аттуу темада семинар болуп өттү. Семинарга Чүй облусунун дыйкандары, «Байдыйкан» ишканасынын жана “Органикалык айыл чарба департаментинин” кызматкерлери жана дыйкандары катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө инновациялык сунуштар жана технологиялар, ошондой эле аларды биргелешкен долбоорлордо колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.