2024-12-23

Тайган долбоорунун алкагында иш-чара уюштурулду


Кырғыз-Түрк Манас университетинин Айыл чарба факультети 2024-жылдын 12-декабрында "Улуттук мурастарды сактоо жана коргоо иштеринин маанилүүлүгү" аталышындагы иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын ачылышын Айыл чарба факультетинин деканы, профессор доктор Ахмет Айгүн жасады.

Профессор доктор Ахмет Айгүн өзүнүн ачылыш сөзүндө, кыргыз улуттук мурасы болгон кыргыз тайганынын генетикалык өзгөчөлүктөрүн сактоо зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле, бул баалуу тукумдун аңчылык жөндөмүн өнүктүрүү боюнча иштердин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Кыргыз тайганы долбоорунун жетекчиси Б. Мураталиев өз баяндамасында тайган өстүрүүнү жөнгө салуучу укуктук алкак тууралуу маалымат берди. Мындан тышкары, улуттук мурастарды сактоо жана коргоо маселелери боюнча учурдагы көйгөйлөргө токтолду.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн дагы бир катышуучу, Суу ресурстары, Айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтардын башкы адиси Д. Сатыкнов, ветеринардык кызматтарды уюштуруу, статистикалык маалыматтарды алуу жана бул тармактагы көйгөйлөр жөнүндө маалымат берди.

Бул иш-чарага университеттин окутуучулары Н. Маматов, К. Чекиров жана У. Алимов, ошондой эле тайган сүйүүчүлөрү жана Айыл чарба факультетинин студенттери жигердүү катышты.

Бул маанилүү иш-чара тайганды сактоо жана келечек муундарга өткөрүп берүү жаатында олуттуу кадам катары бааланды.