Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган ‘АгроДиалог 2025’ агроөнөр жай форуму чоң кызыгуу жаратты. Иш-чаранын негизги максаты – өсүмдүк өстүрүү тармагында жогорку жетишкендиктерге жана экономикалык ийгиликтерге жетишкен дыйкандарды шыктандыруу болду.
Форумда айыл чарба тармагындагы эң мыкты тажрыйбалар бөлүшүлүп, дыйкандар өз эмгек жолдорун айтып беришти. Бул иш-чарага биздин факультеттин окутуучулары да чакырылган. Форум учурунда жылуу атмосфера түзүлүп, дыйкандар менен адистердин ортосунда пайдалуу пикир алмашуулар болду.
‘АгроДиалог 2025’ форуму көптөгөн дыйкандардын жана чакырылган коноктордун катышуусунда өттү. Катышуучулар айыл чарбанын келечеги, заманбап технологиялар жана инновациялык ыкмалар боюнча жемиштүү талкууларды өткөрүштү. Мындай иш-чаралар айыл чарба тармагынын өнүгүшүнө чоң салым кошору дагы бир жолу тастыкталды.