2025-08-08

Айыл чарба факультетинде “Жаш изилдөөчүлөр” илимий лагери өттү


2025-жылдын 28-июлунан 8-августуна чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Айыл чарба факультетинде “Жаш изилдөөчүлөр” аттуу илимий лагери өткөрүлдү. Лагерге Кыргызстандын бардык аймактарынан тандалган 9–11-класстын 24 мыкты бүтүрүүчүсү катышты.

 

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги, Маариф фонду, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Ала-Тоо” эл аралык университети жана Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте уюштурулган. Лагердин максаты — окуучулардын илимге болгон кызыгуусун өнүктүрүү, экологиялык аң-сезимди калыптандыруу, жана практикалык-аналитикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү.

 

Долбоордун алкагында, факультетибиздин Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн ага окутуучусу Доц. Др. Махабат Конурбаева тарабынан жалпы микробиология темаларында 2 лекция сабагы өткөрүлдү. Программанын эң кызыктуу бөлүктөрүнүн бири 31-июль-1-август күндөрү — Өсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн жалпы микробиология боюнча үч күндүк лабораториялык сабактар болду.

 

Сабактардын жүрүшүндө окуучулар лабораториялык жабдуулар жана чөйрөлөр менен иштөөнү үйрөнүштү, топурактан жана суудан үлгү алып себүү иштерин жүргүзүштү, аба микрофлорасын изилдешти жана микроорганизмдердин түзүлүшү менен функцияларын үйрөнүштү. Айрыкча, микроорганизмдердин айлана-чөйрөдөгү ролу жана экологиялык мааниси баса белгиленди.

 

Окуучулар лабораториялык иштерге чоң кызыгуу менен катышып, көптөгөн суроолорду берип, жыйынтыктарды талкуулоого активдүү катышышты. Алардын көбү биринчи жолу чыныгы илимий лабораторияга келип, өздөрүн изилдөөчүдөй сезишкенин айтышты.